» Окуу керемет » долбоору боюнча башталгыч класстардын мугалимдери 11-январда мугалимдер арасында тренинг өткөрүштү. Башында долбоор боюнча маалымат беришип,андан кийин сабакта колдонуучу ыкмалардан көрсөтүп беришти. Тренинг аябагандай кызыктуу болду. Читайте также
27.02.-16.03.23ж. мектепте технология,музыка жана чийүү сабактарынын жумалыгы болуп өттү.Сабак берген мугалимдер: Шаршенбиева У.О.,Турсунакунова Б.Б., Мудинова Ж.Т. жана Ногоева Ж.Млар жакшы деңгээлде өткөрүштү.Ар кандай конкурстар өткөрүлдү. Мисалы: кол өнөрчүлүк(кийизден оюм жасоо,жыгачты оюп сүрөт тартуу," Менин келечектеги үйүм" проектисин,дизайнын чийүү жана мыкты аткарган жеке номер) ж.б.Окуучулар кызыгуу менен активдүү катышышты. Жеңүүчүлөр белектер менен сыйланышты.Эң мыктылар деп: 9-класстын окуучусу Камилов Амантур- проект үчүн,сүрөт конкурсунан 6-кластын окуучусу Асылбекова Жазель,Калыбекова Азиза 7-кл.Ал эми 15-март күнү 6-9-класстардын окуучулары менен КВН болду.Анда окуучулар үч топко: "Кызгалдак", "Байчечекей"жана "Шумкарлар" болушуп жарышка чыгышты.Алар логикалык суроолорго,көркөм окуу,мыкты сүрөтчү,сөздөрдөн ыр табуу,обондуу ырлардын аттарын айтуу ж.б. оюндарга катышышты.Жыйынтыгында "Кызгалдак" тобу утушка ээ болушту. 20.03.2023 0 143
Комментарии