«Ата мекенди коргоо » күнүнө карата башталгыч класстын мугалими Кадырова Рахат Табылбековна 4-класстын окуучулары менен 22-февралда » Ата мекенди коргоо -ыйык милдет» деген темада тарбиялык саат өттү. Сабакка Афган согушунун ардагери Мүсүралиев Чалкарбек байкебиз келип катышты.Ал ошол согуш тууралу окуучулардын суроолоруна жооп берип жана кыскача маалымат берди.Окуучулар кызыгуу менен угушту. Андан сырткары өз өнөрлөрүн тартуулашты.Сабак «эң жакшы» деп бааланды.
Комментарии