8-март «Аялдардын эл аралык күнүнө » карата мектепте 7-март күнү директордун тарбия иштери боюнча орун басары Шейшенкулова Жылдыз Асейиновна уюштурган «Кана эмесе,кыздар!» аттуу таймаш болду.Таймашка 8,9,11-класстардын кыздары «Аруулар» жана»Кыз бурак» тобу болуп жарышышты.Калыстар тобунун мүчөсү болуп,атайын чакырылган коногубуз Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Урунпаша Абибилаевна катышты.Кыздар саламдашуудан баштап,бий,жандуу үн менен ырдоо,камыр жайуу өнөрлөрүн көрсөтүштү.Эң башкысы болуп кыргыздын каада-салттарынын бири болгон «Баланын кыркын чыгаруу» жана » Баланы бешикке бөлөө» салттарын мыкты көрсөтүп беришти.Жыйынтыгында «Аруулар» тобу жеңишке жетишип,белектер менен сыйланышты.
Комментарии